Баткенде ажылыкка баруучу жарандар сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөөдөн өтүшүүдө

Баткенде быйылкы ажылык сапарга бара турган зыяратчыларды сасык тумоо жана менингит ооруларына каршы эмдөө башталды. Баткен облусунан бул жылы 704 жаран ыйык Мекке шаарына барууга жолдомо алышкан болсо, учурда алар облустагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмдөө алып жатышат. Баткен облусу боюнча ажылыкка жоопту адис М. Бердикуловдун айтымында, эмдөө 26-апрелинен 8-майга чейин жүргүзүлөт.

Ошондой эле Баткен облусунан ажылык сапарына баруучу жарандарга сынактан өткөн ажы башчылар атайын ажылык парздары, Мина, Арафат өрөөндөрүндө аткарылуучу ибадаттар боюнча кеңири айтып, ажылыктын шарттарын үйрөтүүдө.