КМДБнын чарба-курулуш жана мечиттер бөлүмүнүн башчысы Токмоктогу мечиттин курулушу менен таанышты

КМДБнын чарба-курулуш жана мечиттер бөлүмүнүн башчысы Асанбай ажы Бекматов Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында курулуп жаткан мечиттин курулушу менен таанышты. Курулуш иштери менен Чүй облустук казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Илхамали ажы Эгембердиев тааныштырып, диний объекти боюнча маалымат берди.

Иштин жүрүшүндө Асанбай ажы Бекматов курулуш иштерин сапаттуу жана так аткаруу керектигин айтып, документ иштерин тездетип бүтүрүүнү шаардын имам-хатиби Имиржан ажы Касымовго тапшырды.