Ош облусунда ДОЖдор аралык «Билерман-мусулман» интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү

Бүгүн, 29-апрель күнү Ош шаарындагы «Хан ордо» ресторанында Ош облустук казыятына караштуу диний окуу жайлардын студенттери арасында «Билерман-мусулман» интеллектуалдык таймашы өткөрүлүп, ага 31 команда катышты. 

Таймашта Куран мужизасы, Айша (р.а.) өмүр баяны, фикх, хадис, аралаш жана амирлер таймашы категориялары боюнча суроолор берилди. Кызуу өткөн таймашта төмөнкү командалар алдыга суурулуп чыкты.

1-орунду “Муслим” командасы;

2-орунду  “Хузайфа”командасы; 

3-орунду “Жабир” командасы;

4-орунду “Абдурахман ибн Ауф” командасы;

5-орунду “Саида” командасы;

6-орунду “Мужтахида” командасы ээледи.

Таймаштын соңунда мыкты капитандарга жана командаларга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, сыйлоо баракчалары тапшырылды. Аны менен катар таймашты өткөрүүдө демөөрчү болгондорго ыраазычылык билдирилип, ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Таймаштын жыйынтыктоодо Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду:

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) “бешиктен кабырга чейин илим алгыла” деп айткан. Сиздердин бүгүнкү таймашка келгениңиздер илим жолунда экениңиздерди тастыктайт. Куран жаттап, хадис окуп, илим үйрөнгөндө кандай сооптор берилсе, азыр да ошондой соопторду алып жатасыздар. Жараткан Алла Таала илимибизди жогорулатсын, илимине амал кылгандардан кылсын. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана жеңилгендерди кийинки жарыштарга, келечектеги таймаштарга мындан да катуу даярданууга түрткү болду деп ишенем.”