Баткенде «Тарбия – энеден башталат, атадан уланат» аттуу иш-чара болуп өттү

Баткен облустук мусулмандар казыяты тарбиянын тамыры болгон ата-энелер үчүн кечээ, 30- апрелде Баткен облустук музыкалык драма театрында Гапыр Мадаминовдун «Тарбия- энеден башталат, атадан уланат» аттуу мотивациялык жолугушуу кечесин өткөрдү.

Иш-чарага Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Курсанали Турдубаев, ошондой эле Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нурдин ажы Мамасабиров катышты.

«Билим жана тарбия – куштун кош канатындай. Балага билим жана тарбия канчалык татыктуу берилсе, кош канаттуу куш сыңары ошончолук бийик учат, ийгиликке жетет. Ушул максатта өткөрүлгөн иш-чарабыз күлкү, көз жаш менен коштолуп, ата-энелер, деги эле жалпы катышуучулар үчүн таасирдүү, жугумдуу өттү», – деп билдиришти казыяттан.