Гапыр Мадаминов Баткендеги медресе студенттери менен жолугушуп, убакытты туура пайдалануу боюнча акыл-насаатын айтты

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» жана «Нур» медресесинин студенттери менен жолугушуп, «Илим алуу жана убакытты туура пайдалануу» темасында баяндама жасады.

КР эмгек сиңирген мугалими жолугушуу алкагында окутуунун натыйжалуу ыкмалары, баланы мектепте ийгиликке шыктандыруу жолдору, балдарга кандай заманбап көндүмдөрдү үйрөтүү керектиги тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү. Ал “ата-эне китеп окубаса, бала да китеп окубайт” деп баса белгилеп, келечектеги мугалимдер окуучулары менен гана эмес, ата-энелер менен да тыгыз байланыш түзүүсү зарыл экендигин билдирди. Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, студенттер түрдүү суроолоруна жооп жана кеп-кеңеш алышты.