Музаффар ажы Турдубаев: “Ысырапкерчилик кудай сүйбөгөн жаман амал”

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө КР Президентинин №54 жарлыгын ишке ашыруу максатында ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча баяндама жасады. Аны менен бирге элдин ынтымагы, араздашуунун алдын алуу жана экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу боюнча да сөз сүйлөп, элди салттуу динди кармоого үндөдү.

“Ысырапкерчиликке жол берүү шайтанга дос болуу дегенди түшүндүрөт. Ал эми ыксыз чыгымдын алдын алуу Алла Таалага жакындатат. Чектен ашуу боюнча Куран жана пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадистеринде көп баяндалган. Ысырапкерчилик кудай сүйбөгөн жаман амал. Кандай гана маареке кылбайлы, ысырапка жол бербейли”, – деди райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев.