Гапыр Мадаминов Баткен казыятынын Алкыш баракчасы менен сыйланды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушту.

Жолугушууда  облус казысы Баткен казыятынын ишмердиги тууралуу айтып берди. Ошондой эле Гапыр Мадаминовду Баткен казыяты тарабынан ак динди элге жайылтууда, элди, жаштарды Алла Таала пайгамбарыбыз (с.а.в.) аркылуу көрсөткөн исламдын бийик адеп-ахлагында тарбиялоодо, коомдун, элдин биримдиги, ынтымагы үчүн кошкон салымы жана жигердүү ак эмгеги үчүн Баткен казыятынын Алкыш баракчасы менен сыйлады.

Облус казысы аталган сыйлыкты Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимине тапшырып жатып, анын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.