Музаффар ажы Турдубаев Ноокат РИИБнин кызматкерлери менен жолугушту

Кечээ, 1-май күнү Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Ноокат райондук ИИБнин кызматкерлери менен жолугушту. Ага РИИБнин кызматкерлери, райондун айыл аймагындагы тескөөчүлөрү жана ЭММКАКтын кызматкерлери катышты. Жолугушууда райондун баш имам-хатиби “эл менен сылык мамледе болуу, ак эмгек өтөө жана калктын коопсуздугун камсыздоодогу сооптор” деген темада баяндама жасап төмөнкүлөргө токтолду:

“Мекендин, элдин тынчтыгын камсыз кылуу максатында өткөргөн ар бир убактыңыздар Алланын жолунда тасбих айтып, намаз окугандай сооптуу. Мекенди коргоо турушу менен ибадат болуп эсептелет. Ошондуктан хадистерде: “Мекенди сүйүү ыймандан” деп айтылган. Жараткан элибизге, жерибизге тынчтык-амандык берсин, анын катарында сиздердин ден соолугуңуздарды бекем кылып, элге, жере ак кызмат өтөшүңүздөрдү насип кылсын”.