2023-жылы фитир-садака жыйноодо өлкө боюнча 53 млн, 824 миң 441 сом топтолду. Анын 657 миң 881 сому РСК, 900 557 сому Мбанк аркылуу жыйналды. Бул боюнча БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов билдирди. Фитир-садакадан топтолгон каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге (т.а. 30 млн 681миң 082 сом), 15 пайызы хатибияттарга (5 млн 785 миң 835 сом), 15 пайызы казыяттарга (8 млн 514 миң 956 сом), калган 10 пайызы муфтиятка (5 млн 167 миң 49 сом) бөлүндү. Фитир-садака жергиликтүү мечиттер, хатибияттар, казыяттар, ошондой эле муфтият тарабынан муктаждарга таратылып берилүүдө.
Фитир-садака ислам шариятында маанилүү ибадат болуп, өкүмү ваажиб болуп саналат. Фитир-садака берүү зекет берүү парз болгондорго (негизги муктаждыктардан сырткары 85 грамм алтыны же анын наркындагы акчасы барларга) ваажиб. Ал инсан катары жаралуунун жана Рамазан орозосун тутуп, Орозо айтка жетүүнүн шүгүрү.
Момундар киши башына 1,600 грам буудай (50 сом), же 1,600 грамм мейиз (636 сом), же 1,600 грамм ун (74 сом), же 3200 грамм арпа (90 сом) же болбосо 3200 грамм курма (986 сом) наркында фитир-садака берет. Бул жакырлардын акысы. Фитир-садаканы берүүчүнүн жакындары (ата-эне, чоң ата-чоң эне, перзенттер, небере-чөбөрө, өмүрлүк жубай) жана бардар адамдар иштете албайт. Ошондой эле мечит, медресе салуу, көпүрө куруу, жол салуу сыяктуу коомдук иштерге жумшоого болбойт. Анткени фитир-садака муктаж адамдын толук мүлкүнө өтүшү шарт (тамлик).
Өлкөбүздө фитир-садакалар көп жылдардан бери мечиттерде топтолуп, бул жараян нукка түшүп калган. Муктаж инсандар мечиттерге, хатибияттарга, казыяттарга кайрылып, фитир-садаканын эсебинен жардам алып келет. Акыркы учурларда КМДБ тарабынан фитир-садака берүүнү жеңилдештирүү жана санариптештирүү аракеттери көрүлүп, интернет банкинг аркылуу кабыл алуу да жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, өткөн жылы 42 млн 247 миң 328 сом фитир-садака каражаты топтолгон. Мындан сырткары интернет банкинг аркылуу 256 миң 800 сом жыйналган.