Ошто диний окуу жайлар арасында кезектеги спорттук мелдештер өткөрүлдү

Диний окуу жайлар арасында спорттук мелдештер өткөрүлүп, ага жалпысынан 12 команда катышты. Мелдештин ачылышында уюштуруучулардан “Абдурахман ибн Ауф” медресесинин мүдүрү Маматмуса уулу Кылычбек төмөнкүлөргө токтолду:

«Бул ишчаранын аталышы айтып тургандай, биздин негизги максатыбыз достук мамилелерди бекемдөө болуп саналат. Оюнчуларга ийгилик каалайбыз», – деди.

Ошондой эле, ДИМК ТАБнын башкы адиси Фархат Адилбек уулу спорт менен машыгуу аркылуу адамдын ден-соолугу бекем болорун айтып өттү.

Мелдешке катышкан командалар:

1. «Абдурахман ибн Ауф» медресеси;

2. «Абдыжапар» ислам институту;

3. «Апиза эне» ислам институту;

4. «Бухарий» ислам институту;

5. «Умму Мухаммад» медресеси;

6. «Тирмизи» медресеси;

7. «Молдо Таабалды» медресеси;

8. «Имам Матуридий» окуу борбору;

9. «Абдурайым кары» медресеси;

10. «Ош Куран» колледжи;

11. «6-км» медресеси;

12. «Адеп башаты» коомдук фонду. 

Аталган мелдеште спорттун, волейбол, мини футбол жана стол теннис түрлөрү боюнча өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. 

Кошумчалай турган болсок, «Спорт жана достук» аталышындагы бул өткөрмө кубокту алгачкы жолу Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресеси баштап берген. Өткөрмө кубоктун бу жолкусун «Абдурахман ибн Ауф» медресеси уюштурду. Достук мелдешине Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы диний окуу жайлардын студенттери катышты.