Майлуу-Сууда бүтүрүү кечелерин ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Майлуу-Суу шаарындагы №1 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинде бүтүрүүчү класстардын окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу өттү. Жолугушуу Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, аксакалдар жана шаардын баш имам-хатиби Апсатар ажы Эркинбеков да катышты.

Жолугушууда жыл сайын 25-май күнү өткөрүлүүчү «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу аземин эч кандай ашыкча шаан-шөкөтсүз, тартип бузууларга жол бербей өткөрүү жөнүндө ойлор айтылды. Шаардын баш имам-хатиби Апсатар ажы Эркинбеков, “Балдар биздин келечегибиз, алардын ден-соолугу башкы орунда. Андыктан ашыкча шаан-шөкөттөрдү болтурбоо жана алардын алдын алууда мектеп, ата-энелер, жалпы коом биргеликте аракет кылышыбыз керек. Ошондуктан ата-энелер, сиздер үйдө да балдарыңыздарга көбүрөөк түшүндүрүңүздөр”, – деп билдирди.

Белгилей кетссек, ушундай эле жолугушуу шаардагы №3 орто мектебинде да болуп өттү.