Алайда социалдык коргоого муктаж жарандарга жардам көрсөтүлдү

Алай районунун баш имам-хатиби Тиллабай ажы Кадыров хатибияттын тизмесинде турган жардамга муктаж көзү азиз жана ден соолугунан ажыраган жаш жеткинчектерден кабар алып, райондук хатибияттын атынан акчалай жардам көрсөттү.

«Эки жакшылык бар. Бирок, аны көп адам биле бербейт, баркына жете бербейт. Биринчиси ден соолук, экинчиси бош убакыт. Бүгүн, биз социалдык колдоого муктаж бир туугандарыбыздан кабар алып олтурабыз. Бул кишилердин башына сыноо келип, кыйналып турушса дагы, намаздарын өз убагында окушуп, жараткан кудай таалага толук моюн сунуулары бизди аябай кубандырат. Бул жардамдар биринчиси же акыркысы эмес. Биз дайыма колубуздан келген жардамды көрсөтүп турабыз», – деп билдирди Тиллабай ажы Кадыров.