Кант шаарынын баш имам-хатиби Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы менен диний объектилерди каттоо маселесин талкуулады

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби Пазыл ажы Абдурахманов Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Аскат Төлөгөнов менен жолугушуп, айыл өкмөт аймагындагы эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоодон өткөрүү маселеси боюнча пикир алышты.

Баш имам-хатиб каттоо иштерине көмөк көрсөтүүнү суранып, мечитке кызмат кылуу өтө сооптуу иштерден экенин билдирди:

«Мечиттер Аллах Тааланын жер бетиндеги үйү деп айтылат. Ким мечитке канчалык кол кабыш кылып жардам көргөзсө, Жараткан аны кабыл алып, ошол жакшылыгын эселеп кайтарып берет. Мечиттерде элге жакшылык үйрөтүлүп, Мекен үчүн бата кылынат. Мечит жаратканга жан дүйнө менен ибадат кылынчу эң жакшы жер».

Айыл өкмөт башчысы каттоо иштеринде колдон келер жардамын берерин айтып, тыгыз кызматташууну сунуштады.