Чүй казыятында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташуу талкууланды

Чүй облусунун мусулмандарынын казыятында бир катар маселелер боюнча жыйын болуп өттү. Ага КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик коммиссиянын Чүй облусундагы өкүлү Замир Өмүрзак уулу, Облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков баштаган казыят кызматкерлери жана баш имам-хатибдер катышты.

Жыйында каралган маселелер:

— облус боюнча эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди тез аранын ичинде каттоодон өткөрүү;

— радикализм жана экстремизмдин алдын алуу;  

— КМДБнын №150 буйругунун негизинде жогорку жана орто окуу жайларындагы студенттерге фанатизмдин жана наркотикалык заттардын кесепеттери боюнча атайын лекция, тегерек стол, жолугушууларды өткөрүү;

— жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштешүү.

Облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков жыйынды ачуу менен төмөнкүлөргө токтолду:

«Ар бирибиз өзүбүзгө берилген, жүктөлгөн жумуштарда жоопкерчиликти сезүү менен иш алып баралы. Сиздердин ишиңиздер ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү. Кыямат күнү көлөкө жок болгон кезде Алла Таала жети түрдүү адамды коргоосуна алат деген маанидеги пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадиси бар. Жети түрдүү адамдын сап башында сиздер болушуңуздар толук мүмкүн. Ошондуктан талыкпастан, чын дилден эмгек кыла берсеңиздер. Кылган кызматыңыздардын жакшылыгын сөзсүз көрөсүздөр».

Жыйындын жүрүшүндө Самат Исманов дин кызматкерлеринин коомдо орду чоң экенин, жалпы журтчулуктун аларга карап түзөнөрүн айтып, казыят менен тыгыз кызматташууга жана каттоо иштерине жакындан жардам берүүгө даяр экенин билдирди.