Кара-Сууда жаштар арасында экстремизм жана баңгизаттарды колдонууга бөгөт коюу максатында жыйын болуп өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Исмаил ата» борбордук мечитинде райондун жалпы имамдарына жыйын болуп өттү. Ага КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, КМДБнын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, райондук администрациясынын социалдык мониторинг, өнүктүрүү секторунун башчысы жана дин иштери боюнча куратор Нурланбек Кочкорбаев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров баштаган райондогу жалпы имамдар жана укук коргоо кызматкерлери катышты.

Алгач сөз КМДБнын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиевге берилип, ал умра менен ажылыктын айырмачылыктары, алардын сооптору, тартиптери, пазилеттери, фарзы, сүннөтү, өкүмү тууралуу аят, хадистер менен далилдеп кеңири түшүнүк берди. Ошондой эле ысырапкерчиликтин алдын алуу максатында азыр “ажы той” деген жаңы жөрөлгөлөр пайда болгонун, мындай көрүнүш жакшы эмес экенин, бул сыяктуу нерселерди ысырапкерчиликсиз, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен макулдашып жупуну өткөрүүнү колго алуу керектигин айтып, имамдарга жамаатка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди. Ошондой эле намаздан кийинки аткарылуучу дубаларга, жума хутбасына, азан айтууда, баян айтууда убакытка так болууга, акыйдага, мазхабга бекем болуп, ар кандай агымдардын жайылышына бөгөт коюуга маани берүүгө, көңүл бурууга, муфтият, казыят, мамлекет деп карап отура бербестен чыгармачылык менен иштөөгө, өз ара ынтымак, биримдикти сактап, КМДБнын фатва-буйруктарына, жетекчиликке баш ийип, расмий муфтияттын билдирүүлөрүнө көңүл буруп, жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырды. Милдеттерин так аткарбай, тартипти, мыйзамды бузган учурда имамды, диний кызматкерди кызматтан четтетүү керектигин баса белгилеп, жалпы катышкандарга, уюштургандарга ыраазычылык билдирди.

​Андан кийин облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев сөз сүйлөп,   Азирети Муфтийге жана жыйынга катышып отурган Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиевге ыраазычылык билдирип, КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 жарлыгын, “Улуттук нарк” жөнүндө жарлыкты, КМДБнын №150 буйругунда көрсөтүлгөн экстремизм, терроризимдин жана наркотикалык баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу боюнча окуу жайларда, орто мектептерде түшүндүрү иштерин жүргүзүү жана жума кутбаларында баяндарды айтуу боюнча тапшырмаларды берди.