Жаңы дайындоо: Айрым чет мамлекеттерде КМДБнын атайын өкүлдөрү бекитилди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарына диний кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, шарияттык муктаждыктарын чечүү үчүн айрым мамлекеттерде өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча буйрукка кол койду. Буйруктун алкагында акыйда жана мазхаб жаатында жогорку билим жана тажрыйбага ээ, диний кызматтарда дасыккан профессионалдуу, дипломат, калк арасында кадыр-баркка ээ, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон дин аалымдары өкүл болуп дайындалды.

Тизме:

1) Россия Федерациясынын Азия бөлүгү боюнча КМДБнын атайын өкүлү болуп Ааалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов;

2) Россия Федерациясынын Европа бөлүгү боюнча КМДБнын атайын өкүлү болуп Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев;

3) Сауд Араб Падышалыгында КМДБнын атайын өкүлү болуп Абдували ажы Акматов;

4) Египет мамлекетиндеги КМДБнын атайын өкүлү болуп Акылбек ажы Тагаев;

5) Иордания мамлекетиндеги КМДБнын атайын өкүлү болуп Элдияр ажы Көбөновдор дайындалышты.

Ачылган өкүлчүлүктөрдө ханафилик-матуридилик боюнча терең билимге ээ адистер иш алып барып, сөз кылынган мамлекеттерде эмгектенип, жашап жүргөн КР жарандарына диний кызмат көрсөтөт. Жогорку мамлекеттердеги диний (исламий) маңыздагы ар кандай иш-чаралар жана саамалыктар КМДБнын макулдугу жана атайын өкүлчүлүктөрдүн көзөмөлү астында гана уюштурулат.  

Белгилей кетсек, буга чейинки Россия Федерациясындагы өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү токтотулуп, аны ачуу жөнүндөгү буйрук жана кызматтык нускамалар өз күчүн жоготту. Анын негизинде буга чейинки өкүл Сүйүмбек ажы Жусубалиев жана орун басары Эрназар Асатов кызматтан бошотулду.