Азирети Муфтий Замир кары Ракиев «Уттар прадеш» сунни Вакф Борбордук Кеңешинин төрагасы жана Индо ислам фондунун негиздөөчүсү менен жолукту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Индия Республикасынын «Уттар прадеш» сунни Вакф Борбордук Кеңешинин  төрагасы Зуфар Ахмад Фаруки, Индо ислам фондунун негиздөөчүсү Мохд Рашид Сиддики жана Индо ислам фондунун финансы иштери боюнча директору  Икрам Улла менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда кызматташуу, улуттар  аралык мамилелерди бекемдөө жана вакф иштери боюнча тажрыйба алмашуу жаатында  пикир алышты.

Жолугушуунун акырында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Уттар прадеш» сунни Вакф Борбордук Кеңеши жана Индо ислам фонду менен кызматташууга Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы даяр экендигин билдирди.