Бакытбек ажы Убабеков Ысык-Атанын акими Алмазбек Осмонов менен жолугушуп, диний объектилерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча пикир алышты

Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби Бакытбек ажы Убабеков Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов менен жолугушту. Жолугушууда 2021-жылдын 2-ноябрындагы №27-4412 сандуу Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги А.К. Эргешовдун протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча мечиттерди каттоодон өткөрүү маселеси талкууланып, Алмазбек Осмонов орун басарына бул жаатта тапшырмаларды берди. Эсептик каттоо боюнча колдон келген жардам берерин айткан район акими хатибият менен тыгыз кызматташууга ар убак даяр экенин билдирди.

Ал эми Бакытбек ажы Убабеков атайын убакыт бөлүп, жылуу кабыл алган акимге ыраазычылык билдирип, ал жетектеген райондук мамлекеттик администрациянын иштерине ийгилик каалап, эл-журт жана мамлекет үчүн дуба кылды.