Ош облусунун мусулмандарынын казысы Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Азирети Муфтийдин №150-буйругунун алкагында Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин студенттери менен жолугушту. Ага факультеттин деканы Зайлабидин Ажимаматов жана студенттер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев наркотикалык заттардын арам жана ден соолукка өтө кооптуу экендигин, ошондой эле экстремизм, терроризмдин кесепеттери боюнча сөз сүйлөп төмөнкүлөрдү атап өттү:

“Экстремизм – бул саясатта жана идеологияда чектен чыккан көз караштарды жана аракеттерди колдоочулук дегенди туюндурат. Экстремизмдин бир канча түрү бар, алар саясий экстремизм, этникалык экстремизм, жаштар экстремизми жана башка бир канча түрлөргө бөлүнөт. Анын ичинен кенен тараганы диний экстремизм, ал диний негиздерди, булактарды чечмелөөдө чектен чыгуу жана диний бирикмелердин, топтошкон уюмдун же динге тиешеси жок бир топтун диний мамилелерде чектен чыгуусу. Мисалы биздин ишенимибиз болгон Матридия акыйдасында намаз окуу парз, ал эми аны атайлап таштоо кабаир, тагыраагы чоң күнөө. Ал эми аят, хадистерди туура эмес түшүнүп, чектен ашкандар намаз окубаган кишини капыр деп айтышат, мына ушул экстремистик көз караш. Бул кайсы бир шарияттык өкүмдү чечмелөөдө чектен ашуу дегени. Ошондуктан билим алууда кылдаттык менен ар бир нерсени билип чыгуу зарыл нерсе”.