Баткенде мектеп окуучуларын зыяндуу адаттардан алыс болууга чакырган жолугушуулар өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругуна ылайык, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасбировдун тапшырмасы менен Баткен облусунун аймагындагы мектептерде жана окуу жайларда өспүрүмдөр арасында зыяндуу адаттарды алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

“Учурда баңгизаттардын жаңы түрлөрү пайда болуп, аларды колдонуу өспүрүмдөр арасында өсүүдө. Бул көрүнүш биздин келечегибиз болгон жаштарыбыздын ден соолугуна жана үй-бүлөлүк абалына зыян жеткирип, коомчулуктун туура эмес багыт алуусуна алып келет. Ошондуктан жаш муунду адептүүлүккө жана зыяндуу адаттардан алыс болууга чакырган жолугушуулар өткөрүлдү”, – деп билдиришти казыяттан.

Иш-чара Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев, Кызыл-Жол, №3 Кызыл Топу,  В.И.Ленин атындагы орто мектебинде уюштурулуп, дин адистери 9-10-11-класстардын окуучуларына бир катар пайдалуу маалыматтарды айтып, алардын түрдү суроолоруна жооп беришти.