![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/05/88daae1b-99bc-4927-9027-bf4e74eed181.jpg)
Коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында Раззаков шаарындагы “Абдулло ибн Аббас” ислам институтунун студенттерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Лейлек РИИБнин кызматкерлери жана медресе мугалимдери катышты.
Жыйын алкагында кылмыштуулукту болтурбоо, мыйзамдуулук тууралуу маалыматтар айтылып, сунуш-пикирлер ортого ташталды. Ал эми иш-чаранын соңунда бардык мекеме-ишканалар жыйында каралган көйгөйлөр боюнча биргеликте иш алып барып, коомчулук арасында, мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ата-энелер менен иштөө боюнча чечимдерди кабыл алышты.