Баткендеги имамдарга «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук китеп таратылды

Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов, ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары Абдулмажит Ислам уулу менен   жолугушуп, аймактагы диний абал, коомчулук менен иш алып баруу жаатында пикир алышты. Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов баштаган коноктор Баткен шаарынын борбордук «Нумани» мечитинде Баткен шаарынын жана Баткен районунун имамдары менен жолугушуп,  «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук китепти белекке беришти.

Китеп таратуу саамалыгына  Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, казыят кызматкерлери жана имамдар катышып, эл менен иш алып барууда  жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууда  дин кызматкерлеринин эмгеги жана мүмкүнчүлүгү зор экендигин, ал үчүн колдонмонун пайдасы чоң болоорун баса белгилешти.

«Аталган  иш чара Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда өткөрүлдү. Бул жолу китеп Баткен шаарынын жана Баткен районунун имамдарына тапшырылды»,-деди казыяттын маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, Китеп КМДБ, ОшМУ, ОшМУнун теология факультети жана негизги демөөрчү катары  Түркиядагы Диянет фондунун колдоосу менен чыгарылган.