Ошто азан айтуу боюнча сынак өткөрүлөт

2018-жылдын 15-декабрында Ош облустук казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси тарабынан Ош облусу жана Ош шаарындагы азанчылар арасында “Азирети Билал р.а.” аттуу азан мелдешинин облустук туру өткөрүлөт. Бул боюнча Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов билдирди. Анын айтымында сынактын негизги максаты азандын фазилетин,  анын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана азанды туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо болуп эсептелет. Конкурстун 1-этабы райондук деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр облустук турга жолдомо алышат.

Азанчылар арасында «Азирети Билал р.а» аттуу азан мелдешин өткөрүүнүн жобосу.

Сынакка катышуунун шарттары жана эрежелери

Сынакка Ош облусунун, Ош шаарынын мечит, медреселеринин азанчылары жана азанды көркөм, туура окуган Ош шаарынын жана Ош облусунун бардык эркек жарандары катыша алышат. Сынакта жаш өзгөчөлүгү чектелбейт.

Азанчы азанды туура, көркөм жана тажвид эрежеси менен айтуусу талап кылынат. Азанды толук же болбосо бир бөлүгүн айтуусу сынактын калыстары тарабынан айтылат. Эгерде азанчылардын ортосунда тең чыгуу болуп калса, калыстар тарабынан азанга байланыштуу кошумча суроолор берилип, тандалат. Кошумча суроолордун жыйынтыгы менен дагы тең чыгуу болуп калса, чүчү кулак кармалып тандалат.

Сынактын калыстары:

  1. Сынактын търагасы: Басиров Рахматулла кары

2.Калыс: Атабаев Бакир кары

  1. Калыс: Курбанбаев Мухаммадияр кары
  2. Калыс: Атаназаров Имамназар кары
  3. Калыс: Жолдубаев Нурали кары

 

Конкурсту өткөрүүнүн жол-жобосу жана сыйлыктары

Андан сырткары эн жаш азанчыга жана эң жашы улуу азанчыга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат. Облустук тандоо туранан 1-2-3 орунду алган азанчылар Республикалык азанчылардын сынагына жолдомо алат жана аларга төмөндөгү сыйлыктар берилет.

1-орун -Уюлдук телефон Samsung Galaxy A8-2018

2-орун -Планшет Samsung Galaxy TabE 9.6 SMT561 8Gb

3-орун — Планшет Samsung Galaxy TabE 9.6 SMT560N

 

Сынактын райондук турда өтүүчү 1-этабына катышуунун шарттары:

Конкурска Ош облусунун жана Ош шаарынан тандалып алынган азанчылар катышышат. Азанчыларды облустук мелдешке райондордон жана шаарлардан тандап алуу  төмөнкү график менен  жүргүзүлөт.

22 –ноябрь Алай, Чоң-Алай райондору. Гүлчө айылы борбордук мечит.

26-ноябрь Өзгөн, Кара-Кулжа району. Өзгөн шаары борбордук мечит.

27-ноябрь Араван району. Борбордук мечит.

28-ноябрь Ноокат району. Борбордук мечит.

29-ноябрь Кара-Суу району. Борбордук мечит.

3-декабрь Ош шаары Имам аль Бухари мечити.

Райондук жана шаардык тандоо турунан өткөн 3төн ашпаган катышуучу 2018-жылдын  15-декабрындагы облустук тандоо туруна жолдомо алат.

Катышуучу КРнын жараны болууга тийиш.

 

Эскертүү: Эгерде график өзгөрсө катышуучуларга телефон аркылуу кошумча маалымдалат.

Сынактын шарттарына туура келбеген азанчылар катыштырылбайт.

Байланыш телефону: 0558 682 111, 0773 49 34 32