Жалал-Абаддагы Аиша Сиддика медресесинин студенттери “Куран кереметтери” аттуу конференция алкагында А.С. Пушкиндин “Подражания Корану” аттуу чыгармасын окушту

Диний окуу жайларда 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу, мугалимдердин сабак берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген облус казысынын бекиткен ырааттаманын негизинде Көчмө семинар Сузак районундагы Аиша Сиддика медресесинде уюштурулду. Семинарга казыят кызматкерлери, облус аймагындагы бардык диний окуу жайларда Куран жана тафсир сабагынан берген мугалимдер, уюштуруучулар  жана аталган окуу жайдын студенттери катышты.

Көчмө семинардын алкагында медресе тарабынан даярдалган программага ылайык катышуучулар тафсир сабагынан ачык саатка жана Куран сабагы боюнча “Куран кереметтери” аттуу конференцияга күбө болушту.  Ачык саат жана конференция слайд-шоу аркылуу коштолуп, студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү,-деди облустук казыяттан.

“Куран кереметтери” аттуу конференциянын жүрүшүндө “Эмбриология жана космос”, “Жаратылыштагы жуптар, 6 күндө жаратылуу”, “Кара тешиктер, жылдыздар жөнүндө” аттуу тематикалардын алкагында 1-курстун студенттери баяндамаларды окуса, ал эми “Жердин катмарлары, кабаттар”, “Мунайзаттын пайда болуусу”, “Тоолор жөнүндө” аттуу тематикалардын алкагында 2-курстун студенттери баяндамаларды окушту. Муну менен катар студенттер Курандагы сандар жөнүндө маалымат беришип, орус жазуучусу, драматург, прозаик, акын, тарыхчы, публицист А.С. Пушкиндин “Подражания Корану” деген чыгармасын көркөм окуп беришип, конференциянын кызыгуусун жогорулатты.

Көчмө семинардын соңунда мугалимдер ачык сабакка жана өтүлгөн кичи конференцияга анализ беришип, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди айтышып, мындан ары сабакты жакшыртуу максатында сунуштарын беришти. Жыйынтыгында ачык сабакка жана кичи конференциянын өтүлүшүнө “эң жакшы” деген баа берилди.