КИУ менен Бин-Нуурия университети кызматташуу боюнча меморандумга кол коюп, ислам каржы маселелери боюнча адистерди окутуу макулдашылды

Кыргызстан ислам университети менен Пакистан Ислам республикасынын Карачи шаарындагы Бин-Нуурия университети кызматташуу боюнча меморандумга кол коюп, анын алкагында ислам финансы тармагында иштешүү макулдашылды. Тагыраак айтканда, учур талабы болгон ислам каржы маселелери боюнча адистерди окутуу, билим деңгээлин жогорулатуу курстарын иштетүү боюнча иш алып барылмакчы.

Айта кетсек, Бин-Нуурия университети 1978-жылы негизделип, учурда 63 бөлүмдө 500 адам эмгектенет. Ал эми студенттеринин жалпы саны 67 өлкөдөн 12 миң студент билим алууда.

Аталган окуу жайдын Пакистандагы филиалдары:

— Куран жаттоо борбору;

— Ислам илимдер университети;

— Нуман бин Сабит атындагы университет;

— Араб-ислам медресеси;

— Даарул-Аркам медресеси;

— Хотамун-набиййиин медресеси;

— Рахмания университети

Ошондой эле Америка Кошмо штаттары, Малайзия сыяктуу 13 чет өлкөдө өз филиалдарына ээ жана ислам каржы принциптеринин негизинде иш алып барып келет.