Кыргыз Республикасында кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын алкагында 3 күндүк тренинг уюштурулду

2023-жылдын 6-7-8-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы Soluxe мейманканасынын жыйындар залында “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын алкагында 3 күндүк тренинг уюштурулду. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги, ПисНексус фонду жана «Мутакаллим» коомдук фонду тарабынан уюштурулган тренингге Бишкек шаары жана Чүй облусундагы дин кызматкерлери, башка конфессиялардын өкүлдөрү катышты.

3 күндүк окууда катышуучулар кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу, коомдогу көп түрдүүлүк баалуулуктарды урматтоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо сыяктуу Концепциянын артыкчылыктуу багыттарын өздөштүрдү.

Белгилей кетсек, аталган окутууга КР ММСЖС министрлигинин өкүлү Бекжан Турсуналиев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, ПисНексус фондунун Борбор Азия боюнча Регионалдык менеджери Чынара Эсенгул, эксперт Санжарбек Тажиматов, «Мутакаллим» коомдук фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы треньерлик кылып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.