Кара-Балтадагы «Куран Нуру» институтун Ыйык Куранды толук жаттаган 30 улан-кыз бүтүп, дипломдорун алды

Кечээ, 7-июнь күнү Кара-Балта «Куран Нуру» институтунда бүтүрүү аземи өткөрүлүп, саамалыкка Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Фархат ажы Юсупов баштаган дин аалымдары, институт жетекчилери, устаздар жана студенттер катышты.

Иш-чарага ардактуу конок катары чакырылгандардын бири Самидин кары Атабаев өзүнүн куттуктоосунда бүтүрүүчүлөргө ак жол тилеп, динге, Куранга, Мекенге, элге кызмат кылуу ыйык милдет экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, быйылкы окуу жылында аталган институттан Куранды толук жаттаган 13 кыз, 17 улан бүткөрүүдө. Алардын ичинен 2 кыз жана 1 улан Курани Каримден ижазат алуу бактысына ээ болгон.