Кадамжайда салттуу ислам баалуулуктары боюнча жыйын болуп, ханафи тартибинде намаз окуу насаат кылынды

Баткен облусунун Кадамжай районунда Кызыл-Кыя шаары жана Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү имамдарга, жергиликтүү жашоочуларга “Салттуу ислам баалуулуктары” темасында КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын алкагында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чарасы болуп өттү.

Жыйынга КМДБнын Египет мамлекетиндеги атайын өкүлү Акылбек ажы Тагаев, облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана жашоочулар катышты. 

Иш-чарада адистер учурдагы диний абалга токтолуп, экстремизм жана тероризмге каршы күрөшүү, коомчулукту руханий жактан тарбиялоо, динди жамынган туура эмес агымдарга бөгөт коюу жана ага каршы турууда салттуу ислам баалулуктарынын өзгөчө ордун белгилешти.

Ошондой эле ислам динин жеткирүүдө ханафи мазхабы жана матуридия акыйдасы туура жол экени, ошол себептүү жергиликтүү жамааттын намаз окуу тартиптеринде да ханафи мазхабына эрегишип ибаадат кылуу зарылдыгы, ар түрдүү багыттарга азгырылбай, динди бурмалабай, ишеничтүү расмий тараптардан маалымат, билим алуу керектиги айтылды.