Баткен облустук казыятында диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү боюнча талкуу өттү

Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят кызматкерлери жана район-шаарлардын баш имам-хатибдеринин катышуусунда диний окуу жайлардын кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, анда диний окуу жайлардагы ишмердүүлүк жана жаштарга адеп-ахлак сабактарын окутуу максатында уюштурулган жайкы лагерлер боюнча маселелер каралды. 

Жыйын алкагында облус казысы балдарга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, татыктуу таалим-тарбия берүү зарылдыгын айтуу менен жайкы лагерлерди жана кыска курстарды уюштуруу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан бекитилген жобого ылайык жүргүзүүлүсү керектигин эскертти.

“Билим, тарбия жашоо турмушубузда, келечегибиздин өнүгүшүнө чоң өбөлгө. Балдар жайкы лагерде билим алуу менен адептүүлүктү айкалыштырып, ден-соолуктарына да кам көрүшүп, спорттук оюндар менен дагы алек болушу шарт. Ошондой эле балдарга атайын экскурсияларды уюштуруп, Мекенди сүйүүгө тарбиялообуз керек”, – деди Нуридин ажы Мамасабиров. 

Мындан сырткары диний окуу жайлардын ишмердигине байланыштуу бир катар маселелер талкууланды жана диний окуу жайлар өз ара тажрыйбалары менен бөлүштү.