Мурдаш айылынын борбордук мечитинде жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 400 миң сомдук оңдоп-түзөө иштери аткарылды

Ош облусунун Алай районуна караштуу Мурдаш айылынын борбордук Ак-Бата мечитинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.  Мечиттин имам-хатиби Азизилла ажы Нурматовдун айтымында, диний объектиде төмөнкүдөй иштер аткарылган.

1) Мурдаш айылындагы №34 А. Жээнбеков атындагы орто мектептин 20 жыл мурдагы бүтүрүүчүлөрү 170 миң сомдук салымы менен мечиттин окуу бөлмөсүн оңдоп беришти;

2) Айылдын 1995-жылкы тургундары (10 жылдыктар) тарабынан 40 миң сом салым кошулуп, люстралар коюлду;

3) Мурдаш айылынын тургуну 100 миң сомго жакын жардам көрсөтүп, мечиттин тосмосу жаңыланды;

4) Мурдаш айылынын Россияда эмгектенип жүргөн тургундары аталган мечиттин бир бөлмөсүн заманбап оңдоп-түзөө үчүн курулуш материалдарын алып берүүгө 100 миң сомдук демөөрчүлүк кылышып, 1978-жылкы атуулдар акысыз кызмат көрсөтүштү.

«Мечитке ыйманы бар адамдар гана көңүл буруп, ыймандуулар гана кызмат кылат эмеспи. Биздин айылдын балдары мечитке жакындан салым кошуп, абдан сооптуу иштерди жасашты. Алла Таала мечитке салым кошкондордон ыраазы болуп, эки дүйнөнүн сыйын тартуулаган болсун. Максат-тилектерин орундатып, тапкан-туткандарына береке берсин. Жакындары менен ар дайым эл ичинде эсен болуп, эли-жерибиз, динибиз, Мекенибиз үчүн эчен жакшы иштерди аткарышты насип кылсын», – деп билдирди мечиттин имам-хатиби.

Азизилла ажынын айтымында, айыл тургундары жыл сайын мечитке каралашып, ар кандай салым кошуп турушат. Мечиттен сырткары жол, аялдама, мектеп, бала бакча сыяктуу коомдук жайларга да көңүл буруп, өз салымдарын кошуп келишет. Мисалы, быйылкы жылы айылдагы №34 А. Жээнбеков атындагы орто мектептин 20 жыл илгерки бүтүрүүчүлөрү 180 миң сомдук салымы менен спорт залга жылуулук системасын киргизишкен.