Ош облусунун мусулмандарынын казысы Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барып, бир катар жолугушууларды өткөрдү

Бүгүн, 9-июнь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев иш сапары менен Кара-Кулжа районуна барып, райондун акими менен жолугушуп, диний окуу жайларды зыярат кылды.

Облус казысы иш сапарынын алкагында:
— Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев менен жолугушуп, КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» № 54 жарлыгын ишке ашыруу алкагында алып барылган иштер жана калкка түшүндүрүү боюнча сүйлөшүп, мында ары да тыгыз байланышта болуу керектигин айтты.

— «Айгүл Умму Фатима» атындагы окуу борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, жайкы лагерлерди уюштурууда жобого ылайык иш алып баруу тапшырмасын берди.

— «Азирети Билал» медресесин зыярат кылып, курулуш иштери тез арада бүтүп кетүүсүн тилеп дуба кылды.

— Эл менен жолугушуп, «Азирети Билал»  борбордук мечитинде «Ысырапкерчиликтин коомго тийгизген зыяндары» туурасында жума баян өтүп, материалдык каражатты максаттуу коротууга чакырды.