КР ДИМКнын жетекчилигинин тапшырмасы менен диний объектилердин эсептик каттоону санариптештирүү боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 9-июнь күнү Ош шаарында диний объектилердин эсептик каттоо иштерин санариптештирүү боюнча өлкөбүздүн түштүк аймагындагы диний уюмдардын атайын адистерине жыйын өткөрүлдү.

Ага КР ДИМКнын укуктук камсыздоо жана диний уюмдарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Манас Муратбеков, башкы адис Алмаз Курбаналиев, түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фуркатбек Адилбек уулу баш болгон бөлүм кызматкерлери, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары жана Ош шаарындагы диний уюмдардын өкүлдөрү катышты.

«Объектилердин эсептик каттоосу санариптешкени өтө жакшы нерсе. Буйруса бул системаны өздөштүрсөк иштерибиз алда канча жеңилдөөчүдөй. ДИМКга жана анын түштүк аймактык бөлүмүнө ыраазычылык билдиребиз», – деди Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер боюнча адиси Абдумалик ажы Турсунбеков.

Жыйын соңунда каттоо иштери боюнча суроолорго атайын адистер тарабынан жооптор берилип, бир канча сунуштар айтылды.