Лейлекте 500 дөй аялдын катышуусунда «Коомдо аялдардын орду» аттуу темада сабак өтүлдү

Бүгүн, 9-июнда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 2023-жылдын 2-июнундагы №188 буйругуна ылайык, Баткен облустук мусулмандар казыяты жана Лейлек райондук хатибияты тарабынан  уюштурулган сабакка КМДБнын чарба-курулуш жана мечиттер бөлүмүнүн башчысы Асан ажы Бекматов, Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, дин ишмери Садыбакас ажы Дооловдор катышты. 

Сабактын алкагында Доолов аялдардын диндеги орду жана ролу боюнча катышуучуларга кеңири маалымат берди. 

«Аял – бул эне. Бейиш эненин таманы астында. Динибизде аялзатынын кадыр-баркы бийик. Демек, кыз-келиндерибиз, жалпы эле аялзаты диндеги өз ордун, өз милдетин билсе, оңолсо бүтүндөй коом оңолот. Мындан улам апаларга, эжелерге, карындаштарга сабак уюштуруп жатабыз», – деди Сейитбек ажы Полотов. 

Казыяттан билдиришинче, аялдардын диндеги ролу жана милдеттери боюнча өткөрүлүп жаткан сабактар жер-жерлерде улантылмакчы.