Асан ажы Бекматов: “Имам – элди туура жолго үндөгөн, жамандыктан кайтарган инсан

Бүгүн, 9-июнда КМДБнын чарба-курулуш жана мечиттер бөлүмүнүн башчысы  Асан ажы Бекматов, Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов жана дин ишмери Садыбакас ажы Дооловдун катышуусунда Баткен облусунун Лейлек районундагы имамдарга жыйын болуп өттү. 

Дин аалымдары имамдар менен болгон жыйында алардын коомчулук арасындагы кадыр-баркы, укуктары, милдеттерин түшүндүрүү менен ар убакта эл кызматында болууга үндөдү. 

«Имам – бул элди туура жолго чакырган, жамандыктан кайтарган, аларга насаат айткан, муктаждарга туура кеңеш берген, билбегенин үйрөткөн, кайдыгерликтен куткарып, элге туура багыт көрсөткөн инсан. Ошондуктан имам эң жакшы сапаттары менен үлгү болушу керек жана негизги иши элдин диний сабаттуулугун көтөрүү же диний агартуу, калайыкка динди туура жеткирүү болуп саналат. Мындан сырткары өзүнө таандык милдеттери бар. Имамдар муфтият, казыят жана хатибияттардан келген буйрук жана тапшырмаларды так аткарышы  керек. Баш ийүү бар жерде биримдик, өсүп-өнүгүү болот», – деди Асан ажы Бекматов.

Ошондой эле ал ханафи мазхабын жайылтуу, мечиттерде шарият сабактарын өткөрүү зарыл экендигин белгиледи. 

Жыйын соңунда мамлекеттин тынчтыгы жана өнүгүүсү үчүн дуба кылынды.