“Абдулла бин Аббас” Куран жаттоо медресесин Куранды толук жаттаган 24 хафиз аяктады

“Абдулла бин Аббас” Куран жаттоо медресеси 2022-2023-окуу жылын жыйынтыктап, ийгиликтүү аяктаган 24 хафиз, 11 Куран санжырасын (ижазат) алган кары балдарын өз уясынан учурду.

Бүтүрүү кечеси медресе жайгашкан Арашан айылындагы маданият үйүндө өттү. Иш-чарага Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев, медресе мүдүрү Асылбек кары Таштемиров, “Ихсан-хайрия” коомдук фондунун мурдагы жетекчиси Муса Магомедов, медресени түптөөгө салым кошкон мурдагы мүдүрү Акимжан ажы Эргешов, медресе мугалимдери, айыл өкмөтүнүн башчысы Төрөкул Ниязалиев, ата-энелер, студенттер жана алыс-жакындан коноктор катышты.

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү кызуу куттуктап, бүтүрүүчүлөргө албан-албан ийгиликтерди каалады.