«Хазрети Осмон» ислам институтунда «Бүтүрүүчү – 2023» аземи өтүп, ага Самидин кары Атабаев катышты

Бүгүн, 10-июнь күнү «Хазрети Осмон» ислам институту Кара-Балта шаарындагы Маданият үйүндө «Бүтүрүүчү – 2023» аземин өткөрдү. Иш-чарага Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган аалымдар катышып, алтын уядан учуп жаткан студенттерге ийгиликтерди каалашты.

«Хазрети Осмон» институту Кара-Балтада гана эмес, өлкөбүздөгү беделдүү окуу жайлардын бири. Мында матуридилик акыйдасы, ханафилик мазхабы жогорку деңгээлде окутулат. Андан сырткары талабалардын адеп-ахлагы да абдан суктанарлык. Бүгүнкү күндөрдө ислам акыйдасын, шариятын жана кооз адебин айкалыштырып үйрөткөн окуу жайлар аз. Мындай ийгиликтин артында Кыргызстанга таанымал Молдо Калил устазыбыздын зор эмгеги турат», – деп билдирди Азирети Муфтийдин биринчи орун басары.

Ал эми «Хазрети Осмон» ислам институтунун ректору, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Калилидин ажы Исаков Самидин карыга ыраазычылык билдирип, окуу жайды бүтүп жаткан студенттерине даңгыр жол каалады.    

Белгилей кетсек, учурда «Хазрети Осмон» ислам институтунда 250 студент билим алат. Быйылкы окуу жылында аталган окуу жайды 9 улан, 10 кыз аяктады.