Кара-Сууда жаңы курулган мечиттин ачылыш аземи өтүп, ага Азирети Муфтий жана АК төрагасы баштаган аалымдар катышты

Бүгүн, 11-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Садырбай айылында жеке ишкер тарабынан курулган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев баштаган АК мүчөлөрү, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Кимде-ким чымчыктын уясындай болсо да мечит курса, Аллах Таала ага бейиштен чоң сарай курат» деп айткан. Жараткан демөөрчүлөрдөн ыраазы болуп, ырыскысын дагы да кенен кылсын. Ушундай жаркыраган мечит көп эле жерлерде жок жана бул сыяктуу заманбап мечит куруу ар кимдин эле колунан келе бербейт», – деп билдирди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өз куттуктоосунда.

Мечит куруунун пазилети жана аны куруудагы сооптор туурасында сөз кылган Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев төмөнкүлөргө токтолду:

«Пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадисинде адам баласы көз жумгандан кийин анын үч амалынан башка бардык амалдарынын сооптору токтошу айтылган. Аалымдар ошол үч үзгүлтүксүз сооп барып туруучу амалдардын бири бул – мечит куруу деп айтышат. Мечит кургандар Алла берген байлык нематына шүгүр иретинде мечит куруп беришти, ал эми биздин милдетибиз аны абад кылуу. Абад кылуу деген – беш убакыт намазды мечитте окууга аракет кылуу жана  жүрөгү мечитке байланган такыба инсандардан болуу. Анткени хадисте: «Мечит ар бир такыба кишинин үйү» деп айтылган. Андыктан бул жаркыраган мечитте намаз окуп, Куран окуп, Жараткандын эстеп дубаларды көп кылалы».

Куттуктоолорго улай эле Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев сөз сүйлөп, казыяттын атынан демөөрчүгө жана мечит имамына ыракмат айтып, ыраазычылык каттарды ыйгарып жатып: «Аллах Таала кимди бейишке киргизүүнү жазган болсо, ага бейиш жолдорун жеңил кылып коёт. Ким Алла ыраазылыгы үчүн мечит курса, ага бейиштен чоң сарай курулат» деп айтылат хадистерде. Ошондуктан айтылган жакшылыктарга жетүү үчүн сооптуу иштерге умтулалы. Жараткан дөмөөрчүлөрдөн ыраазы болсун. Дагы да ушул сыяктуу сооптуу амалдарда аты чыгып жүрө берсин», – деп билдирди.