Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев «Абдужапар» ислам институтун зыярат кылды

Бүгүн, 11-июнь күнү Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы «Абдужапар» ислам институтунун зыярат кылып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Зыярат алкагында институттун устаздары менен жыйын өткөрүлүп, окуу жайдын өнүгүүсү, студенттерге сапаттуу билим берүү, окутуучулар жамаатынын билим деңгээлин арттыруу жана башка маселелер боюнча талкуу болуп, кеп-кеңештер айтылды.

Соңунда медресени түптөгөн устаздар эскерилип, аларга дубалар кылынып, окуу жайдын өнүгүүсүн сурап дуба-тилектер кылынды.

Институт зыяратына Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев башында турган АК мүчөлөрү, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, көп жылдардан бери дин тармагында эмгектенген, институттун негиздөөчүсү  дин  аалымы Умарали ажы Бегмуратов жана ДОЖдун устаздар курамы катышты.

Эскерте кетсек, аталган институт 1993-жылы ачылып, ошол кездерде түштүк регионундагы жалгыз медресе болуп турган. Учурда окуу жайды ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр мечиттерде имам, медресе-диний окуу жайларда мүдүр, катардагы мугалим, райондук баш имам-хатиб, облустук казы жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү кызматтарын аркалап, үзүрлүү эмгектенип келишүүдө.