ФОТО: Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетти

Бүгүн, 12-июнь күнү «Манас» эл аралык аэропортунда болочок ажылардын алгачкы тобу ыйык ажылык сапар үчүн аттанып кетти. Ажыларды узатууга КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Сауд Араб Королдугунун Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Рооди аль Рооди, ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын төрагасы Самидин кары жана КМДБнын ажылык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган муфтият кызматкерлери катышты.

«Ажылык жети миллион калкыбыздын ичинен сиздерге насип болуптур. Бул билгенге улуу жакшылык. Ажылык мезгилинде САПтын мыйзамдарын так сактап, эрежелерге баш ийиңиздер. Ажылыкка аттанган ар бириңиздерди Алла Таала чакырган болсун. Пайгамбарыбызга салам айта барыңыздар. Ыйык жайларда эли-жерибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн ынтымак, өнүгүү сураңыздар. Меккеде Мекенибиз үчүн дуба кылыңыздар. Аман-эсен барып, сак-саламат кайтып келүүнү Жараткан насип кылсын. Сапарыңыздар байсалдуу, ибадатыңыздар кабыл болсун», – деп билдирди Азирети Муфтий.

Ажылык – 2023 ибадаттык сапарынын алкагында 10 рейс аткарылса, анын 7 рейси Ош эл аралык аэропортунан жүзөгө ашырылат. Башкача айтканда, 2 миңдей ажы Бишкек шаарынан учса, калганы Ош шаарынан аттанат.

Бүгүн, 12-июнда башталган авиасапарлар 21-июнь күнү Ош эл аралык эропортунда жыйынтыкталат. Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Белгилей кетсек, САП 2023-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6110 квота бөлгөн. Быйылкы ажылыктын наркы 3900 АКШ долларын түзгөн.