Жалал-Абадда июнь окуясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 12-июнь күнү Сузак районунун Топурак-Бел ашуусундагы 2010-жылдын июнь окуясында курман болгондор эскерилди. Эскерүү иш-чарасына Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Сузак районунун акими Б.Сыдыкназаров, Жалал-Абад облустук казыятынын даават жана окуу боюнча адиси Дилмурат ажы Орозов, Сузак районунун баш имам-хатиби Ордобек ажы Оморбеков, каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Иш-чарада Сампада каза болгондорго Куран окулуп, жакындарына көңүл айтылды.

Белгилей кетсек, июнь окуясында Жалал-Абад шаары боюнча 35 жаран каза болуп, экөө дайынсыз жоголгон.