Жоробай ажы Шергазыев Баткендеги иш сапарынын алкагында айымдар үчүн сабак өтүп, алардын суроолоруна жооп берди

Бүгүн,13-июнда КМДБнын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев жана Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун катышуусунда Баткен облустук казыяты жана Баткен райондук хатибияты тарабынан аялдар үчүн “Эне – бул медресе” темасынын алкагында сабак уюштурулду.

Сабакта аялзатынын үйдөгү, коомдогу орду, келечек муунга туура тарбия берүүдөгү ролу, зыяндуу агымдардан алыс болуу туурасында айтылды.

“Эне билимдүү болсо, бала билимдүү болот. Ата-эне тарбиялуу болсо, бала дагы тарбиялуу болот. Тарбия үй-бүлөдөн башталат. Андыктан баланын билими, тарбиясы кайрымдуу болуп өсүүсү, боорукерлиги анын ата-энесинен көз каранды.Ошондуктан  казыят, хатибияттар тарабынан айымдар менен иш алып баруу чаралары жанданып, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан бардык аракеттер көрүлөт”, – деди Жоробай ажы Шергазыев.

Жыйын соңунда катышуучулар кызыктырган суроолорун берип, жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты.