Нарында энелер үчүн марафон өтүп, ага дин аалымдары катышты

«Ислам нуру», «Ясин» коомдук кайрымдуулук фонддору тарабынан  Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы мектептин жыйындар залында ак элечекчен энелер үчүн  атайын марафон өткөрдү. Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу, “Расул Акрам”  ислам институтунун мугалими Белек Турдалиев, “ Зубайр ибн Аввам” медресесинин мугалими Эрнист Оморкулов катышып, энелер үчүн ибадаттын маңызы,  аялзатынын ислам дининдеги орду, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы, пайгамбарыбызды (с.а.в)  таануу,  адал тамактануунун   пайдалары  жана сүннөттөрү боюнча маалыматтар берилди.

«Ислам дини ата-энеге жакшылык кылууну Аллах Таалага моюн сунуудан кийинки эле эң чоң ибадаттардын даражасына койгон. Урматтап сыйлоого өзгөчө эненин акысы чоң. Картайганда балдары тарабынан каржылануусу, жылуу-жумшак мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүү ата-эненин акысы. Аны бузууга бир да адамдын акысы жок. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Ата-энең сенин бейиш дарбазаң, кааласаң аны тургуз, кааласаң аны бузуп сал»,-деген.  Андыктан бүгүнкү марафонго келип, аалымдардан динибиздин баалуулуктарын аз дагы болсо үйрөнүп, өздөштүрүп алдыңыздар деп ишенем»,-деди Нарын облусунун казысынын орун басары Кумарбек ажы Орозалиев.

Эскерте кетсек, марафон  Ат — Башы району -13-июнь, саат  10.00-17.00 , Ак-Талаа району -14- июнь, саат 10.00-17.00,  Жумгал району — 15- июнь, саат  10.00-17.00 жана Кочкор районунда — 16-июнь, саат 10.00-17.00до өтмөкчү.