![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/06/4-2-1024x562.jpg)
Кыргызстандык ажылардын экинчи тобу Сауд Араб падышалыгынын ыйык Медина шаарына жетти. Болочок ажыларды ажылыкты уюштуруу боюнча штаб өкүлдөрү тосуп алышты.
«Бүгүн, 14-июнда Кыргызстандык ажылардын экинчи тобу Медина шаарына келишти. Учурда мейманканаларга жайгаштырылып, аларга САПтын ажылык мезгилиндеги эрежелер түшүндүрүлүүдө. Мекендештерибиздин маанайлары жана ден соолуктары жакшы»,-деди Медина шаарындагы штаб өкүлү Султанали ажы Гапуров.