Ажылык – 2023: Ош эл аралык аэропортунан алгачкы рейс Мединага сапар тартты

Бүгүн, 14-июнь күнү Ош эл аралык аэропортунда 2023-жылдагы ажылык амалдарын аткаруу үчүн өлкөнүн түштүк аймагындагы болочок ажылардын алгачкы тобу ыйык Медина шаарына учуп кетти. Ажыларды узатууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары, ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасы Самидин кары Атабаев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, ажылык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Самидин Мамаев, ошондой эле Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов баштаган казыят аппараты катышты.

«Ажылык Куран аркылуу бекемделген улуу ибадат. Көптөгөн мусулман бир туугандарыбыз ажылыкты көп жыл бою, балким өмүр бою арзуу кылып, ушул жакшы күндөрдө аттанышууда. Алардын кубанчына ортоктош болуп, КМБД катары аларга колдон келишинче шарттарды түзүп берүүгө аракет кылдык. Мунун баары ыйык ажылык үчүн кызмат. Жараткан Алла Таала кылган иштерибизди кабыл кылсын», – деди Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев.

Белгилей кетсек, 12-июнда башталган ажылык сапарларынын алкагында Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунан 1846 ажы Медина шаарына учуп кеткен. Ал эми бүгүн Ош эл аралык аэропортунан 4 ажы башчынын жетекчилиги астында 168 ажы абага көтүрүлдү. Ош аэропорттунан жалпы 4260 ажынын учушу мерчемделген.