Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата имамдары менен жолугушуп, элге Курман айт боюнча толук маалымат жеткирүү тапшырмасын берди

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районунун имамдары менен жолугушту. Жолугушуу Үр-Марал айылында болуп, райондун баш имам-хатиби Марат ажы Жусупбеков имамдардын ишмердүүлүгү боюнча облус казысына отчёттук маалымат берди.

Казы Сулумбек ажы Узеналиев КМДБдан келген буйруктардын аткарылышына жана мечит, медреселердеги жайкы тарбиялык сабактарга токтолуп, «Ар бир мечитте жок дегенде он, он беш балага сабак уюштуруп туруңуздар. Ал көп убакытты алдайт, намаздан кийин ыкласы бар окуйм деген жаштарга бир саат Куран үйрөтүңүздөр», – деп билдирди.

Жыйындын соңунда облус казысы элге Курман айт боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.