Муфтияттын эмгек жамааты Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин апасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтат

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Азирети Муфтий  Замир кары Ракиевдин апасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтат.

Урматтуу Азирети Муфтий! Апаңыздын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Муфтияттын эмгек жамааты терең кайгыруу көңүл айтат. Сабыр кылыңыз! Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум энеңизди Өз ырайымына алып, Бейиш бакчаларынан орун берсин.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35). “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эмгек жамааты  сизге, үй-бүлөңүзгө жана туугандарыңызга көңүл айтып, кайгыңызды тең бөлүшөт.

КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ДИН БАШКАРМАЛЫГЫ