Медина шаарындагы Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу ыйык Мекке шаарына сапар алышты

Бүгүн, 15-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына учуп кеткен  Кыргызстандык ажылар ыйык Мекке шаарына алгачкылардан болуп сапар алышты. Болочок ажылар заманбап автобустар менен жолго чыгышып, аларды Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө  штабдын  өкүлдөрү  тосуп алышмакчы.

«Бүгүн Медина шаарына алгачкылардан болуп келген ажыларыбыз ыйык Меккеге сапар алышты. Мындан ары күн сайын Мекке шаарына 672 жараныбыз жөнөтүлүп турмакчы»,-деди жеринде штаб кызматкери Марат Кадыкеев.