Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад облусунан ажылыкка аттанган ажларды узатып, аларга ак жол каалады

Бүгүн, 17-июнь күнү Жалал-Абад облусунан 675 адам ажылык сапарга жөнөдү. Аларга ак жол каалаган облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков ажылыктын негизги шарттары жөнүндө сөз кылып, ажы башчыларга моюн сунууну, туура амал кылып, мамлекет, эл-жер үчүн дуба кылууну эскертти. Аны менен катар быйылкы ажылыкты уюштуруудагы артыкчылыктар жана жетишкендиктер жөнүндө айтып, ал үчүн өлкө башчысы Садыр Жапаровго, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Тойгонбай Абдыкаровго, Азирети Муфтий Замир кары Ракиевге ыраазычылык билдирип, сапарга аттангандар менен чогуу дуба кылды.

Эскерте кетсек, 2023-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга жалпы 6110 квота берилген. Анын ичинен Жалал-Абад облусунан жалпы 957 жаран ажыга баруу мүмкүнчүлүгүн алышкан.