Ажылыкты уюштуруу көчмө штабы Меккеде алгачкы жыйынын өткөрүп, ажы башчыларга бир катар тапшырмаларды берди

Ажылыкты уюштуруу көчмө штабынын өкүлдөрү Меккеде ажы башчыларга алгачкы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу КМДБнын маалымат бөлүмүнүн адиси Марат Кадыкеев жеринде маалымат берди. Жыйында бир катар маселелер каралып, ажы башчыларга тапшырмалар берилди. Алсак:

— САП тарабынан жаңы киргизилген тартиптер;

— Харам аймагына баруу жана кайтуу графиктери;

— Автобус убактылары;

— Ажыларды жаңы тартиптер менен тааныштыруу;

— Мейманканаларга жайгаштыруу;

— Тартип жана тазалык;

— Штаб менен тыгыз иш алып баруу;

— Ажылыкка жана ажыларга жогорку деңгээлде кызмат кылуу.

Кадыкеевдин айтымында, тамактануу графиги боюнча да талкуу болуп, сунуш-пикирлер ортого ташталды.

Эскерте кетсек, кыргызстандык ажылар үстүбүздөгү жылдын 12-июнунан тарта Медина шаарына, андан ары Меккеге аттанууда. Иш мерчемге ылайык, ажылардын эң акыркы рейси 21-июнда Ош эл аралык аэропортунан аттанат.