Баткенде ажылык сапарына аттануучу 700 ажыны узатуу иш-чарасы өткөрүлдү

Бүгүн, 18-июнда Баткен облусунан ажылык милдетин аткаруу үчүн 700 жаран ыйык сапарга аттанды. Мекендештерди узатуу саамалыгы Кызыл-Кыя шаарында өтүп, ага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрү, казыят кызматкерлери жана район, шаарлардын баш имам-хатибдери катышты.

Облус башчысы болочок ажыларга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун каалоо-тилектерин жеткирип, кыргыз эли үчүн дуба кылууга чакырды.

“Жакшы тилек, ой максаттар менен аттанган ажылык сапарыңыздар байсалдуу болсун! Мен ишенем, сиздер Кыргызстаныбыздын тынчтыгы, өнүгүүсү, элибиздин аманчылыгы, өзгөчө  чек арабыздын туруктуулугу, бекемдиги үчүн чын дилден бата кыласыздар. Алла Таалам ажылык амалыңыздарды кабыл кылсын.Чексиз соопторду насип эткен болсун. Буюрса аман-эсен барып келип, ар бириңиздердин үйүңүздөрдө жакшылыктар ыроолонсун”, – деди ал.

Муну менен катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери  болочок ажыларга Сауд Араб Падышалыгынын ажылыкка тиешелүү мыйзамдарын, тартип-эрежелерин бекем сактап, кыргыз элин үлгү көрсөтүүгө чакырышты. Ошондой эле ажылык мезгилинде дүйнө элине тынчтык, бөөдө кырсыктын болбоосун Жараткандан тилеп, дуба кылууга үндөштү.

Белгилей кетсек, бул жылы Баткен облусунан 700 жаран ажылык сапарына барат. Аларды 16 ажы башчы коштоп бармакчы. Баткен облусунан ажылыкка сапар алган мекендештер эртең, 19-июнда «Ош» эл аралык аэропортунан  Ош-Жидда багыты боюнча Жидда шаарына учушат.